Министрлер кабинетинин төрагасы расмий сапары менен Беларуска барат
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-сентябрында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Беларусь премьер-министри Александр Турчин менен жолугушат.
Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына, ошондой эле «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн пленардык жыйынына катышат.
