Сарыбашев айылдарда жүргөн сел үчүн жооптуулар – жергиликтүү бийлик деп эсептейт
Аймактардагы селдин жүрүшүнө депутат Таалайбек Сарыбашев жергиликтүү бийлик айыптады.
Депутат Жогорку Кеңештин жыйынында айылдарда арыктар жана трубалар толуп калганын, өз убагында тазаланбаганын билдирди.
“Бир катар райондордо, айылдарда сел жүрдү. Алардын баары ММКлардан көрүп жаттык. Мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү керек. Жарандык коргоо үчүн жоопкерчилик акимдерде, айыл өкмөт башчыларында. Жөнөкөй эле себептерден улам, мисалы арыктардын тазаланбаганынан, трубалардын толуп калганынан сел жүрүп, миллиондогон чыгашалар пайда болууда”, – деди депутат.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов билдиргендей, министрлик тарабынан тобокелдик учурлар боюнча өз убагында корутунду чыгарылат, бирок анын баары эле аткарыла бербейт.
“Мисалы, кээде трубалар туура эмес орнотулган болот же сууну жетиштүү өткөрө бербейт. Жыйынтыгында суу өтпөй калып, айылды каптайт”, – деди Сулайманов.
Сарыбашев сел жүрүүнү алдын алуу керектигин белгиледи.
