Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
27 январь

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы эки өткөрүү жайы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан кабарлашты. 

ытай тараптын демилгеси менен КЭРде Жаз майрамы майрамдалып жаткандыгына  байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 2025-жылдын 29-январынан 31-январына чейин убактылуу жабылат", - деп айтылат билдирүүдө. 

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү аталган пункттар аркылуу өткөрүү 2025-жылдын 1-февралынан баштап кайрадан жанданат.