Кыргызстан менен Казакстан кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 26-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандардын өз ара болуусуна, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу өз ара аракеттенүү маселелерин кеңири талкуулашты.
Эки тарап кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен маселелерди натыйжалуу чечүү максатында активдүү диалогду жана практикалык өз ара аракеттешүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
