Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга 1,1 миң даана үлгү келип түштү
19 февраль

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга 1,1 миң даана үлгү келип түштү

Карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан аныктоо максатында, 2025-жылдын 18-февралына карата өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияга 1178 даана үлгү келип түшкөн.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен: 

  • импорттук карантинге алынган продукциядан 637 даана үлгү;
  • экспорттук карантинге алынган продукциядан 415 даана үлгү;
  • изилдөө иш-чараларынан 8 даана үлгү;
  • кайрылулар боюнча 118 даана үлгү.

Жалпы лабораториялар 2334 экспертиза жүргүзгөн, анын ичинен 2 түр карантиндик зыяндуу организмдер (сары чырмоок, сойломо кекире) казахстандан импорттолуп келген беде уругунан аныкталган.

Ошондой эле импорттук үрөн-көчөт материалдары боюнча 18-февралга карата өсүмдүктөрдүн карантин боюнча лабораторияларына импорттук карантинге алынган продукциядан 91 даана үлгүсү келип түшкөн, анын ичинен 64 даана көчөттөн жана 27 үрөндөрдөн, карантиндик-зыяндуу организмдерди аныктоого 235 экспертиза жүргүзүлгөн.