Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10,3 млрд доллардан ашты – дээрлик жарымы ички карыз
2026-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд 359,74 млн долларга же дээрлик 906 млрд сомго жетти.
Мындай маалымат Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке киргизген республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында келтирилген.
Жалпы сумманын 51,1%ы тышкы карызга туура келет. Анын көлөмү 5 млрд 289,79 млн долларды түзөт.
Ички мамлекеттик карыз 5 млрд 69,95 млн долларды же жалпы карыздын 48,9%ын түздү.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, тышкы карыз 300дөн ашык кредитти камтыйт. Бул каражаттардын басымдуу бөлүгү — 98,4%ы жеңилдетилген шарттарда алынган. Алардын пайыздык чендери жылына 0,1%дан 2%га чейин болуп, төлөө мөөнөтү 50 жылга чейин жетет.
Кыргызстандын ири кредиторлорунун катарында Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкы бар.
Аталган уюмдар менен мамлекеттерге тышкы мамлекеттик карыздын 70%дан ашыгы туура келет.
Тышкы милдеттенмелердин дагы 13,2%ын Кыргызстан 2025-жылы жайгаштырган еврооблигациялар түзөт.
2026-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө мурда бекитилген 99,3 млрд сомдун ордуна 95,7 млрд сом бөлүү сунушталууда.
Ошентип, бул чыгымдардын болжолдуу көлөмү 3,6 млрд сомго кыскарууда.
Жалпы сумманын 48,5 млрд сому тышкы карызды тейлөөгө каралган. Анын негизги бөлүгү — 37,9 млрд сому карыздын негизги суммасын төлөөгө жумшалат.
Өкмөт чыгымдардын кыскарышын тышкы кредиттерди өздөштүрүү графигинин өзгөрүшү жана валюта курстарынын өзгөрүүсү менен түшүндүрүүдө.
