Жалал-Абад ЭТИде 5 имарат жаңы курулуп, 4 имарат оңдоп-түзөөдөн өтөт
27 январь

Жалал-Абад ЭТИде 5 имарат жаңы курулуп, 4 имарат оңдоп-түзөөдөн өтөт

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2025-жылга карата 4 райондук административдик имаратын куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар Чаткал, Майлуу-Суу РЭТтеринин жана Ала-Букадагы Сумсар УЭТинин имараты, Аксы РЭТинин трансформаторлорду оңдоо цехинин имараты жана 110/ 35/10 Ала- Бука көмөк чордонунда көмөк чордондор кызматынын жана жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын кызматкерлерине жаңы имарат курулат.

Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи шаарчасында 110/35/10 кВ " Дача " көмөк чордонун куруу пландалса, Көк-Арт, Сузак, Жалал-Абад, Ноокен РЭТтеринин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Пландоо иштерине чейин Жалал-Абад ЭТИнин тийиштүү кызматтары жана жетекчилик тараптан мониторинг жүргүзүлүп, эскилиги жеткен имараттарды оңдоо, кызматкерлерге жана керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт жаратуу жагы жолго коюлган.

Өткөн жылы 3 даана имарат жаңы курулса, 3 даана имарат оңдоп - түзөөдөн өткөн.