Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келет
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу 2025-жылдын 1-2-августунда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрү болот.
