Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тармактык комитетте каралды
Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 370 «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмү жөнүндө» Жарлыгына ылайык келтирүү болуп саналат.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга), бала төрөлгөн учурда төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку «Бала Береке» төлөмү киргизилет:
– 4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
– 5-балага - 600 000 (алты жүз миң) сом;
– 6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
– 7-балага – 1 000 000 (бир миллион) сом;
– 8-балага – 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом;
– 9-балага – 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
– 10 жана андан ашык балага – 2 000 000 (эки миллион) сом.
Мындан тышкары комитет «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Аба кодексине, Бюджеттик кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жана «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун дагы биринчи окууда колдоого алды.
