Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун! Төрага журналисттерди куттуктады
7 ноябрь

Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун! Төрага журналисттерди куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

"Төраганын куттуктоосу:

Ардактуу мекендештер!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кыргыз журналистикасынын түптөлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, ошондой эле 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мындан туура жүз жыл мурун кыргыз тарыхында улуу саясий бурулуштар, көптөгөн жаңылануулар жана түрдүү окуялар болгон. Алардын ичинен көз карандысыздыкты көксөгөн кыргыз элинин алгачкы автономиялуу облусу негизделип, азыркы эгемен мамлекетибиздин пайдубалы түптөлгөн. Ага удаалаш маданий-агартуу жаатында да жаңылыктар орун алып, эгемендигибизге киндиктеш болгон эң алгачкы басылмабыз жарык көргөн. Эркиндикке умтулган тоолук элдин туңгуч гезити “Эркин Тоо” деп аталып, ал басылма бардык жакшы саамалыктардын жарчысы катары кызмат кылган. Гезитти негиздеген, залкар агартуучуларыбыздын бири Ишенаалы Арабаев “Эркин Тоого” жарыялаган биринчи макаласында: “Мына эми эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп, бул гезитти чыгарып отурат. Эми муну бек карма кыргыз, бек карма”, – деген каалоосун жазган. Эң кызыгы “Эркин Тоонун” биринчи редактору Осмонкул Алиев гезит чыккан учурда 21 гана жашта болгон. Уюштуруучулук жөндөмү бийик жаш редактор менен бирге туңгуч гезитибизде Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов сындуу кыргыздын кыраан уулдары эмгектенишкен. 

Кымбаттуу журналисттер!

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”, – деп калкыбызда айтылгандай, андагы жагдай менен азыркы турмушту салыштыруу мүмкүн эмес. Эгемендигибиз колго тийген 1991-жылдан тарта коомдук-саясий турмушта көптөгөн өзгөрүүлөр орун алып, демократия чакырыгы менен катар сөз эркиндигине болгон талап да жогорулады. Журналисттердин ролу өсүп, “төртүнчү бийлик” деген макамга жетишти. Бул сыймыгынан кыйынчылыгы көп, чоң жоопкерчилик. 

Кыргызда “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”, “Буттан чалынган турат, сөздөн жаңылган турбайт” – деген жакшы кептер бар. Айрыкча сөз эркиндиги биздин элдин канына сиңген улуу касиет. Бирок, сөз эркиндиги менен ээн ооздукту аралаштырууга болбойт. Ар бир айтылган сөздүн жоопкерчилиги да бар экенин унутпашыбыз керек. Кесибин мыкты түшүнгөн, журналисттик адистиктин эрежелерин мыкты билген адис сөз эркиндигин туура пайдаланып, ээн ооздукка, куру жалаага жол бербейт. Анткени жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү биринчи кезекте чындыктын жарчысы, калыстык менен адилеттиктин үлгүсү болушу зарыл. Анткени, сөз эркиндиги коом үчүн чындыкка жетүүнүн куралы. Ал эми чындык талкууда такталып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге жетет. Андыктан, бардык маалыматтардын ичинен чындыкты иргеп, аны коомчулукка так жеткирүү, муну менен катар ачык коомдун калыптануусуна жана жаңылануусуна салым кошуу сиздердин калемиңиздерге көз каранды. Өзүңүздөр жакшы билгендей, акыркы учурларда классикалык журналистиканын кулачы кеңейип, интернеттин өнүгүшү менен жаңы маалымат булактары, жаңы кесиптер пайда боло баштады. Коомчулук анализденген маалыматка эмес, интернеттин активдүү колдонуучусу тараткан “ыкчам” жаңылыкка ишенип калган жагдайга кептелгенин да жашыра албайбыз. Ага ылайык, адискөй журналист менен аталган кесипке жамынган айрым популисттерди айырмалап,  медиа сабаттуулукту жогорулатууга мезгил келип жетти. 

Кымбаттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Бар болуңуздар, чындык үчүн талыкпай эмгектенип, элдин эртеңи үчүн кызмат кыла бериңиздер! Калемиңер курч, жазганыңар жалпы элге жарамдуу болсун! Журтубузда ынтымак, жергебизде тынчтык өкүм сүрсүн!

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!".