ЖАМКка полиграф жабдуусу тапшырылды
2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында төрага Чыңгыз Кожошев, анын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фондунун президенти Тажыкан Шабданованын катышуусунда жолугушуу өттү.
Жолугушуунун алкагында фонд тарабынан ЖАМКка полиграф жабдуусу расмий түрдө өткөрүлүп берилди. Бул иш-чара мурда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө Меморандумдун негизинде ишке ашырылып, Зордук-зомбулук экстремизмдин алдын алуу боюнча Глобалдык фонддун (GCERF) колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
ЖАМК жетекчилиги фонддун салымын жогору баалап, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Тажыкан Шабданова кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдирди.
Белгиленгендей, полиграфты колдонуу ЖАМКнын психологиялык кызматында жаңы багытты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ал кадрларды тандоодо, кызматтык иликтөөлөрдө жана ыкчам-тергөө иштеринде колдонулмакчы.
