Кыргызстандын элчиси Роскызматташтыктын жетекчиси менен жолугушту
3 октябрь

Кыргызстандын элчиси Роскызматташтыктын жетекчиси менен жолугушту

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев КМШ иштери, чет жерде жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттигинин (Россотрудничество) жетекчиси Евгений Примаков менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россотрудничество аркылуу өнүгүп жаткан эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгынын кеңири спектрин, учурдагы жана келечектеги маданий, гуманитардык жана билим берүү долбоорлорун талкуулашты.

Элчи «Россотрудничество» линиясы боюнча ишке ашырылып жаткан билим берүү тармагындагы негизги долбоорлор болуп бөлүнгөн квоталардын жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» долбоорунун алкагында кыргызстандык студенттерди Россиянын алдыңкы ЖОЖдорунда окутуу болуп саналарын баса белгиледи. Ал ошондой эле социалдык маанилүү программаларды ишке ашырып, билим берүү, илим, маданият, тарых, искусство тармактарында маанилүү иш-чараларды, анын ичинде китепкананы жана окуу фонддорун көбөйтүүгө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга, балдар жана жаштар менен иштөөгө багытталган иш-чараларды уюштуруп жаткан Кыргызстандагы Орус үйүнүн активдүү ишин өзгөчө белгиледи.

Элчилик менен өз ара аракеттенүү чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча сунуш катары элчи биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык маанайында өттү.