Ош шаарында 552 миң сомду алдоо жолу менен алган жаран кармалды
17 август

Ош шаарында 552 миң сомду алдоо жолу менен алган жаран кармалды

2026-жылдын 28-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1983-жылы туулган Т. М. арыз менен Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына кайрылган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 27-марты менен 21-майына чейинки аралыкта арыз ээсинин ишенимине кирген Умид (Зубайр) аттуу жаран кызыкдар болгон адамдарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, сот жана прокуратура органдарынын кызмат адамдарына берүү үчүн деп 552 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.

Бирок кийинчерээк аталган жаран убада кылган ишти аткарбастан, акча каражатын өзүнүн жеке керектөөлөрүнө жумшап жибергендиги аныкталган.
Бул факты боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө акча каражатын алган жаран Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган М.З. экендиги аныкталды.

Текшерүү учурунда анын мурда Россия Федерациясынын аймагында каракчылык кылмышы үчүн соттолгондугу, ошондой эле алдамчылык фактылары боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, арыз ээси М. З. менен WhatsApp тиркемеси аркылуу жүргүзгөн кат алышууларын жана үн билдирүүлөрүн өз ыктыяры менен тергөө органдарына тапшырган. Аталган материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароодон өткөрүлүп, протоколдоштурулуп, иш үчүн маанилүү далилдик материалдар катары тиешелүү материалдарга тиркелген.

Белгилей кетсек, тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды акча каражатын берүү жолу менен сот же прокуратура органдары аркылуу бошотуп берүүгө болот деген жалган түшүнүк жаратылганы да текшерилүүдө.

Топтолгон материалдардын негизинде, 2026-жылдын 15-августунда М. З. аракеттерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында М.З. кармалып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.