Кыргызстанда «Үй-бүлө» аталышындагы маалыматтык-алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды
КР ИИМ
17 август

Кыргызстанда «Үй-бүлө» аталышындагы маалыматтык-алдын алуу иш-чарасы жыйынтыкталды

Кыргызстанда 2026-жылдын 10-12-август күндөрү ички иштер органдары тарабынан «Үй-бүлө» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

КР ИИМден кабарлашкандай, иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аны өз убагында аныктоо жана кайталануусуна бөгөт коюу, ошондой эле жабыркаган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо тармактарынын, пробация органдарынын, кризистик борборлордун жана башка мекемелердин өкүлдөрү тартылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча профилактикалык каттоодо турган үй-бүлөлөргө жана адамдарга барып, абалды текшерип, профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Буга чейин катталган фактылар талданып, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын себептери аныкталып, алардын алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

Жабыркаган адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга, аларга зарыл жардам көрсөтүүгө жана убактылуу коргоо ордерлеринин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле калк арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюуга багытындагы иштерди улантылууда.