Топоздун эти, креветка, көк сыр, Snickers жана Dirol: Мамлекеттик резиденция 12 млн сомго эмне сатып алат?
Мамлекеттик резиденция Кыргызстандын Президенттин Иш башкармалыгынын карамагында азык-түлүк сатып алууга 12 млн 190 миң сом бөлүүнү пландап жатат. Тиешелүү сатып алуу квалификациялык талаптар менен котировкаларды суроо ыкмасы аркылуу жүргүзүлүүдө.
Тизмеге күнүмдүк керектелүүчү азыктар — нан, дан азыктары, макарон, жашылчалар жана тоок эти менен катар өзгөчө азыктар да кирген.
Эт азыктарынын арасында 20 кг тоо топозунун эти, 60 кг рибай стейк, 2,9 тонна уйдун этинин жумшак бөлүгү, 60 кг бонфиле жана 50 кг антрекот көрсөтүлгөн. Ошондой эле уйдун тили, боору, карын-требухасы жана шыйрактары сатып алынат.
Өзүнчө жылкы этин сатып алуу каралган: 40 кг карта, 30 кг карын, 60 кг жиликсиз эт жана 20 кг казы. Тизмеде кой эти, үндүк, өрдөк, үй тоогу, табака тоогу жана корнишондор да бар.
Балык жана деңиз азыктарынын түрү да кеңири. Мамлекеттик резиденция осетр, палтус, эскалар, ышталган жылан балык, семга, дорадо, судак, жергиликтүү форель, ошондой эле мидия, жолборс жана королдук креветкалар, майдагы анчоус сатып алууну пландап жатат.
Сырлардын тизмесинде пармезан, моцарелла, сулугуни, брынза, адыгей, тильзит, голланд, каймактуу сыр жана «Дор-Блю» көгөртүлгөн сыры бар. Жалпысынан сырдын 15 түрү каралган.
Жашылчалардын арасында картошка, сабиз, пияз жана помидор менен катар авокадо, эноки козу карындары, жыгач козу карындары, вешенка, брокколи, маш жана төө буурчактын өсүндүлөрү, ачуу калемпир жана черри помидорлору көрсөтүлгөн.
Сатып алууга бельгиялык кондитердик шоколад, KitKat, Mars, Snickers, Bounty, Alpen Gold шоколады, сагыз, дан түрүндөгү жана майдаланган кофе да кирген.
Мындан тышкары, күрүчтүн үч түрү, анын ичинде баткендик «Аланга» жана узун дандуу «Лазер», рамен үчүн кесме, тортилья, тарталетка, багет, лаваш жана нандын ар кандай түрлөрүн сатып алуу пландалууда.
