Жогорку Кеңеш Гүлшаркан Култаеваны БШК мүчөсү кызматына шайлады
Жогорку Кеңештин 19-февралындагы жыйынында КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматына шайлоо үчүн сунушталган Гүлшаркан Култаеванын талапкерлиги каралды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңешдеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов КР президентинин сунуштамасы менен тааныштырды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Гүлшаркан Култаева Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.
