
Кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери аяктады
Бүгүн, 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чараларын Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында жүргүздү.
Натыйжада жалпысынан көлөмү 143 305 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.
Белгилей кетсек, бул жолку Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталды.