Жер салыгы: калкты кыйнаган суроолор жана аларга жооп
31 июль

Жер салыгы: калкты кыйнаган суроолор жана аларга жооп

КР Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Пазылов төлөө мөөнөтү 1-сентябрга чейин болгон жер салыгы тууралуу маалымат берди. 

Эгерде окуу жай жерди ижарага берсе (ашкана үчүн) – жер салыгын төлөө керек, жерге жеңилдик берилбейт.

Эгерде пенсионер үйүн ижарага берсе – объект коммерциялык деп эсептелинет жана башка ставкалар боюнча салынат, ал тургай үй жанындагы жер участогуна салыктан бошотулган болсо дагы. 

Эгерде объектти декларацияга киргизүүгө мүмкүн болбосо – такталган декларацияны тапшыруу керек (легализация мезгилинен тышкары 6 жылга чейин).

Ипотекалык батир – салык салынат, менчик ээси – карыз алуучу, банк эмес. 

43 м² устакана – турак жай эмес объект, коммерциялык деп эсептелинет, эсептөөнү тапшырып, салыкты төлөө керек. Тапшырбаганы үчүн – 3000 сом айып.