Жолду капиталдык оңдоо: Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды
22 сентябрь

Жолду капиталдык оңдоо: Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

Бишкекте жолду капиталдык оңдоо жумуштары Жибек-Жолу проспектисинде жана Горький көчөсүндө уланууда, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, Горький көчөсүнүн Ж. Абдрахманов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

"21-сентябрдан тарта Горький көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.  Горький көчөсү менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилиши ачылды", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Горький көчөсү Ч. Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтүүдө.