Ким жеке ассистент боло алат жана ким кызматтарды ала алат
19 февраль

Ким жеке ассистент боло алат жана ким кызматтарды ала алат

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы №556 токтому менен бекитилген “Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө” Жобого ылайык, персоналдык ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү боюнча төлөмдөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымдайт.

2025-жылдын 1-февралына карата 14 677 жеке ассистентке республикалык боюджеттен 131 318 776 сом каржыланды, ушул суммадан 16 715 260 сом камсыздандыруу полисине төлөм жүргузүлдү. Кызмат алуучулар 14 987 адамды түзсө, анын ичинен 9 456 бала жана 5 531 адам 18 жаштан улуу майыптыгы бар жарандар түзөт.

2024-жылга салыштырма анализ жүргүзсөк, 2024-жылдын 1-февралында 104 323 454 сом 14 144 жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн каржыланган жана кызмат алуучулардын саны 14 443 адамды түзүп, анын ичинен 9 437 бала жана 5 006 адам 18 жаштан улуу майыптыгы бар жарандарды түзгөн.

Маалымат үчүн: Жеке ассистенттин кызмат акысы 7681 сомду түзөт.

Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече майыптыгы бар баланы жана/же адамды (эки жана андан ашык) баккан учурда бир кызмат алуучуга толугу менен, ал эми башкаларына кызмат көрсөтүүлөрү үчүн каралган сумманын 50% төлөнүп берилет. Майыптыгы бар баланы жана/же адамды багып жаткан ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүү үчүн жашаган жери боюнча арыз берүүгө укуктуу.

Накталай төлөмдөр банк системасы аркылуу накталай эмес тартипте, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзгүзүлөт.

Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн арыз менен кайрылууга зарыл болгон документтер:
Арыз ээси үчүн:

  • саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү;
  • соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат (ата-энесин кошпогондо);
  • арыз ээсинин жашаган жеринен маалымкат;
  • паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);
  • банктагы алыш-бериш эсеби.

Кызмат алуучу үчүн:

  • “бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж” же “бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж” экендигин тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуучу аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту (аймактык бөлүм тарабынан суралат);
  • майыптыгы бар баланын жана/же адамдын паспортунун (ID-карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.


Арыз ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү же жакын туугандары жашаган жери боюнча кабыл алынат.

Эгерде ата-эне же жакындары башка адамды жеке ассистент кылып алууну кааласа, арыз жазуу жүзүндө берилиши керек.

Маанилүү: Жеке ассистент кызмат көрсөтүүсүн камсыздандыруу полисин сатып алуу менен аймактык бөлүмдөр менен Келишимдин негизинде жүргүзөт, аларды сатып алууга кеткен чыгымдардын орду жеке ассистентке акы төлөө учурунда кайтарылып берилет.

Бул кызматтын киргизилиши иштегенге мүмкүнчүлүгү жок адамдар пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болууга шарт түзөт.