Кыргызстанда бир жумада 37 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 7синен 13-августка чейин, алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстан аймагында 36 миң 536 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, анын ичинен:
- 1 003 — тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу;
- 534 — транспорт каражатын мас абалында башкаруу;
- 288 — транспорт каражаттарынын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;
- 1 942 — жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары;
- 5 865 — транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;
- 32 — автоээнбаштык фактысы;
- 2 129 — белгиленген ылдамдык чегинен ашуу;
- 19 — жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен транспорт каражатын башкаруу;
- 21 172 — жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу фактылары.
Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 552 транспорт каражаты атайын айып короого киргизилди.
ЖКККББ бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.
