Төрага: Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт
19 февраль

Төрага: Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт

Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу баса белгиледи.

Өзү баштаган бир топ депутаттардын демилгеси менен парламенттик шайлоонун эрежелерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганын айтты.

“Бул боюнча өлкө жетекчиси менен да макулдаштык. Элге керектүү мыйзам долбоорун кабыл алабыз деген терең ишеничтебиз”, – деди төрага.

Муну менен катар ал коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт деген кептер тарап жатканына токтолду.

“Алардын баары куру бекер сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз”, – деп кошумчалады.