Ош ОИИБ: Кара-Сууда милицияга пара берүүгө шектүү жаран кармалды
Кара-Сууда тергөөчү кызматкерге 40 (кырк миң) сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2026-жылдын 14-август күнү 2004-жылы туулган А.М. аттуу жаран тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жака чечип берүү үчүн милиция кызматкерине пара катары акча каражатын берип жаткан учурда кармалып, кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
