Чүй облусунда 76 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылат
Чүй облусунда 76 чакырым СИП-2 аба чубалгысы тартылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Энергетиктер жыл сайын 1-марттан тарта 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн эскирген электр жабдууларын алмаштырып, бузулганын оңдоп, үзүлгөнүн кошуп даярдыктарды көрүшөт.
2025-жылы капиталдык курулуш иштеринин алкагында "КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын энергетиктери тарабынан 76 чакырым СИП-2 аба чубалгылары тартылып, 1900 даана темир-бетон электр мамылары орнотулат.
Мындан тышкары, 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат. Бардык керектүү жабдуулар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражатынан камсыздалат.
Маалымат үчүн: Чүй электр тармактар ишканасы Чүй облусунун жашоочуларын жана өндүрүш тармагын электр энергиясы менен камсыз кылган, курамында 9 (Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов) райондук электр тармактары бар ишкана.
Ишкана облус боюнча 299 373 керектөөчүнү тейлейт.
Бул аткарыла турган иштер Чүй облусунун тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып, тейлөө сапатын жакшыртат.
