Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Токтогул районундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 19-февралда саат 08:00дө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, убактылуу чектөө 18-февралда саат 18:30да киргизилген.
\Мындай чара Бишкек - Ош унаа жолунда бороон болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилген.
