Сүрөт ачык булактардан алынды
17 август
Кант АБЗ унаа жолунун 1-6-чакырымы убактылуу жабылды
Кант АБЗ (асфальт бетон заводу) унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.
Жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.
