Кара-Кулжада “Өспүрүм түн” иш-чарасы өтүп, 5 ата-энеге айып салынды
20 октябрь

Кара-Кулжада “Өспүрүм түн” иш-чарасы өтүп, 5 ата-энеге айып салынды

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Өспүрүм түн” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты. 

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп мугалимдери активдүү катышты.

Алар бир нече топко бөлүнүп, район аймагындагы компьютердик клубдарды, спорттук аянтчаларды жана жаштар көп чогулган жайларды кыдырып, түн ичинде жашы жете электердин жүрүүсүнө көзөмөл жүргүзүштү.

Жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык, түнкү убакта балдарын кайда жүргөнүн көзөмөл кылбагандыгы үчүн 5 өспүрүмдүн ата-энесине карата административдик айып пул салынды.

Мындай алдын алуу иш-чаралары өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-энелердин жоопкерчилигин эскертүү максатында мындан ары да улантылат.

Иш-чаранын максаты өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана тартип бузуулардын алдын алуу болуп санаалат.