Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда өспүрүм табылып, атасына өткөрүлдү
2026-жылдын 15-августунда болжол менен саат 08:40 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ысык-Ата райондук күзөт бөлүмчөсүнүн мобилдик тобунун кызматкерлери дайынсыз кеткен жаш өспүрүмдү табышты.
Тактап айтканда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 31-чакырымында кызмат өтөө учурунда кызматкерлер 2012-жылы туулган Б.К. аттуу өспүрүмдү байкашкан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринде жашаган жеринен чыгып кеткендиги аныкталган.
Кызматкерлер тарабынан өспүрүмдүн өздүгү такталып, коопсуздугу камсыздалгандан кийин тиешелүү чаралар көрүлүп, ал атасына аман-эсен өткөрүлүп берилди.
