ИИМде эл аралык өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
24 февраль

ИИМде эл аралык өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

Ички иштер министрлигинде Конрад Аденауэр Андре Альгермиссен атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча аймактык программасынын жетекчиси менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бул жолугушуу мындан аркы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө өз ара кызыктар экендигин тастыкташты.