Бишкекте жана облустарда жол кырсыктарынын көбөйүшү: 3 729 жол кырсыгы катталып, 346 адам каза болгон
31 июль

Бишкекте жана облустарда жол кырсыктарынын көбөйүшү: 3 729 жол кырсыгы катталып, 346 адам каза болгон

Кыргызстан боюнча 2025-жылдын январь-июнь айларында 3 729 жол кырсыгы катталган. 

Башкы прокуратуранын Маалыматтык технологиялар жана укуктук статистика чөйрөсүндө укуктун сакталышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, бул көрсөткүч 2024-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 21,9%га көп.

Жол кырсыктарынын эң көп саны Бишкек шаарында – 51,9%, ошондой эле Чүй облусунда – 18,2%, Ош облусунда – 8,9% болот.

Жол кырсыгынан 5 427 адам жабыркаган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 21,6%га көп. Каза болгондордун саны 346 (23,6%).

Ал эми балдардын катышуусунда 1 012 жол кырсыгы катталган, бул былтыркы көрсөткүчкө караганда 29,9%га жогору. Кырсыктардан 42 бала каза болгон, жараат алгандар - 1 117. 

Мындан тышкары, мас абалында айдоочулардын катышуусунда 185 жол кырсыгы катталып, 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 22,5%га өскөн.