Бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат
10 сентябрь

Бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Бишкек мэриясы айдоочуларды жумушка чакырат

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 21 жаштан 63 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат.

Милдеттүү талап – D категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Белгилей кетсек, ыңгайлуу иштөө жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Мындан тышкары, экономист жана базанын ичиндеги  айдоочулар талап кылынат.

Экономистке коюлуучу талаптар — жогорку билими жөнүндө диплом, ал эми айдоочуларга  коюлуучу талаптар - «Д» категориясы бар айдоочулук күбөлүк жана 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот.