Кыргызстан эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар
Министрлер табинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Маскатта (Оман) өткөн ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин Үчүнчү министрлер конференциясына катышты.
Эдил Байсалов өз сөзүндө эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
шондой эле, ИСЕСКОго мүчө мамлекеттердин Үчүнчү министрлер конференциясынын алкагында Эдил Байсалов Оман Султанатынын вице-премьер-министри Саид Фахд бин Махмуд Аль Саид, Билим берүү министри доктор Мадиха бин Ахмед бин Насер Аль Шибания менен, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.