Жер салыгы: жеңилдиктер барбы? Ким эмнеден бошотулат? Жана кантип төлөйбүз?
КР Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Пазылов төлөө мөөнөтү 1-сентябрга чейин болгон жер салыгы тууралуу маалымат берди.
Ким эмнеден бошотулат?
Пенсионерлер чарба участокторуна болгон салыктан толук бошотулган – анын саны же аянты эсепке алынбайт.
Турак жайга жеңилдик:
- 80 м² чейинки батир же 150 м² чейинки үйгө (калктуу конуштардагы калктын санына жараша) - салык салынбайт, бирок бир гана объектке;
- Эгерде жарандын эки объектиси болсо (мисалы, 50 м² эки батир), жеңилдик бирөөсүнө гана тандалып колдонулат, экинчисине салык салынат.
Төмөнкүлөр бошотулат же 50% жеңилдикке ээ:
- Майыптар коому;
- Билим берүү, илим, маданият объектилери;
- Майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Баткен окуяларынын катышуучулары.
Маанилүү: Эгерде турак жай ижарага берилсе, объект коммерциялык катары салык салынат жана салык жогорулайт.
Жер салыгы: жеңилдиктер барбы?
Жер тилкеси канчалык пайдаланылганына карабастан, толугу менен салык салынат.
Жер тилкесинин бир бөлүгү гана курулган болсо дагы, салык жалпы аянтка чегерилет.
Градация жок. Ставкалар регионго жараша болот: Бишкекте – 150 сом, башка шаарларда – 100 сом, айылдарда – 10 сом (салыктын базалык наркы).
Фермерлер 2030-жылга чейин айыл чарба багытындагы жер тилкелери боюнча жер салыгынан бошотулат.
Салыкты кантип төлөөгө болот?
Салык төлөөчүлөрдө салыкты төлөөнүн кеминде 5 ыкмасы бар:
- Салык төлөөчүнүн кабинети (суммасы жана эсеби ичинде бар);
- Салык мобилдик тиркемеси;
- Банктар;
- Почта;
- Аймактык салык органдары.
Бардык ыкмалар QR-код, карта же төлөм коду аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет.
Кабинетте төлөп эле тим болбостон, отчетторду да тапшырса болот.
Кабинеттин сыр сөзүн унутуп калдыңызбы? – Салык кызматы жаңы логин жана сыр сөз берет.
