ээнбек Кулубаев расмий сапары менен Кувейтке барат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын 19-20-Февралы күндөрү Кувейт Мамлекетинин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхьянын чакыруусу боюнча Кувейтке расмий сапары менен барат. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын алкагында тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү пландалган, алардын жүрүшүндө кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү талкууланат.
Расмий иш сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев бир катар мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
