Бишкекте Москва көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
31 июль

Бишкекте Москва көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте 31-июлда Москва көчөсүнүн Асаналиев  (Некрасов) көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. 

Мэриядан кабарлашкандай, аталган тилкеде эски асфальтты алуу иштери жүргүзүлүп, жаңы бордюрлар орнотулуп, ысык асфальт төшөлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы жол-транспорт инфратүзүмүн жакшыртуу иштерин жүргүзүп жатат жана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен кабыл алган шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.