Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү. Маркумдун жубайы кылмышка шектүүнү таанып, тастыктады
8 октябрь

Ак-Ордодогу бир туугандардын өлүмү. Маркумдун жубайы кылмышка шектүүнү таанып, тастыктады

Ак-Ордодо каза болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып, тастыктады, деп билдирет КР ИИМдин маалыат кызматы. 

Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш - эки адамдын өлүмү катталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, тергөө иш- амалдары улантылууда.

Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырды.

Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды.