«АЮ Холдингдин» негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдук мүлкү мамлекетке өттү
Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө негизделген тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында «Аю» көп профилдүү холдингинин ээси «А.Ш.Ш.» тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Алсак, «Аю» холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдуулуктун көрүнүшүн берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келгени аныкталган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында «А.Ш.Ш.» тарабынан мамлекеттин балансына жалпы наркы 10 млрд сомдон ашкан ири соода-оюн-зоок борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилди.
