Масалиев «кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн порнография деген сөздү кыргызчага которуш керек» дейт
3 июнь

Масалиев «кыргыз тилин өнүктүрүш үчүн порнография деген сөздү кыргызчага которуш керек» дейт

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети порнографиялык элементтерди камтыган материалдарды тараткан сайттардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган мыйзам долбоорду карады.

Депутат Исхак Масалиев биринчи кезекте порнография деген сөздү кыргызчага которуп алууну сунуштады.

«Нурлан Тургунбек уулу кыргыз тилин өнүктүрөлү деп жатат, демек, порнографияны кыргыз тилине которушубуз керек. Сөзмө сөз болбосо да, мааниси боюнча которсо болот да. Телевизор менен радиону которуп алганыбыздан кийин муну деле которсок керек», – деди.

Ошондой эле депутат Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлерине «тийишип» өттү.

«Тил комиссиясында укмуш жигиттер иштеп жатпайбы, депутаттарга чейин акыл үйрөтүшөт. Ошолор которуп беришсе болбойбу», – деди Масалиев.