Бишкекте турак жайларга болгон баанын кымбатташынын себеби айтылды
Бул жылы Бишкек шаарында турак жайлардын баасы өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 30 пайызга өскөн, ал эми батирлер – 20 пайызга. Жер агенттигинин санариптик трансформация башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айдар Сукенбаев "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде белгилегендей, буга бир нече себептер бар.
“Биринчиден курулуш материалдарынын кымбатташы. Курулуш материалдарын көбүн биз өзүбүздөн чыгара албайбыз, мисалы, цемент Кытайдан, арматура Россия менен Казакстандан келет. Өзүбүз өндүргөн курулуш материалдарынын көлөмү суроо-талапка чак келбей жатат.
Андан тышкары, турак жай курууга ылайыкталган жер тилкелеринин азайышы. Аны менен бирге миграциянын, өзгөчө ички миграциянын өсүшү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2024-жылы ири шаарларда: Ош менен Бишкекте калктын жайгашуусу өскөн. 2025-жылдын башында Бишкек шаарынын калкы 2,1 пайызга көбөйгөн. Бул деген эгерде орточо эсеп менен бир үй-бүлө 3 кишиден турса, 9 миң үй-бүлөгө көбөйдү деген кеп. Социалдык норма боюнча ар бир жаранга 12 чарчы метр жашоо аянты керек болсо, анда 9 миң үй-бүлөгө орто эсеп менен алганда бир бөлмө – 40 чарчы метр батир туура келсе, канча курулуш аянты керектигин эсептеп көрүңүз”, – деди Сукенбаев.
Жетектөөчү адис турак жайлардын баасынын өсүшүнүн дагы бир себеби катары –психиологиялык жагдайды да кошумчалады. Айтымында, адамдар бири биринен “үйлөр кымбаттап жатыптыр” дегенди угуп алышып, жогорку бааны кармап алышкан. Анын үстүнө, ири шаарларда калктын көбөйүшүнөн улам үйлөрдү вертикалдуу түрдө куруу зарылдыгы жаралат, мында көп кабаттуу үй курууга ылайыктуу жер тилкелерине курулуш компанияларынын суроо-талабы көп болгондуктан, баа кескин өстү.
