Валюталык тобокелдиксиз насыялар: Кыргызстанда сом менен каржылоо өсүүдө
Кыргызстан Грузия жана Өзбекстан менен бирге Евразия аймагында эл аралык өнүктүрүү банктарынын улуттук валютадагы каржылоосу кыйла өскөн өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) улуттук валюталардагы каржылоого арналган аналитикалык баяндамасында айтылат.
Акыркы 10 жылда Евразия аймагындагы эл аралык өнүктүрүү банктарынын жалпы портфелиндеги улуттук валютадагы долбоорлордун үлүшү 2015-жылдагы 11%дан 2025-жылы 30%га чейин өскөн.
Мындай каржылоонун жылдык көлөмү беш эседен ашык көбөйүп, долларга эквиваленттүү эсепте 400 млн доллардан 2,3 млрд долларга жеткен.
Ошол эле учурда каржылоонун географиясы да өзгөргөн. Казакстан эң ири рынок бойдон калганы менен, анын үлүшү акыркы 10 жылда 62%дан 33%га чейин төмөндөгөн. Ал эми Грузия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жалпы үлүшү 11%дан 51%га чейин өскөн.
Кыргызстан үчүн сом менен каржылоо өзгөчө маанилүү. Анткени ал насыя алуучуларга валюта курсунун өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет. Эгерде бизнестин кирешеси улуттук валютада түшүп, насыя доллар же евро менен берилсе, улуттук валютанын кунунун түшүшү карыздык жүктү кыйла көбөйтүшү мүмкүн.
Ал эми сом менен алынган насыя киреше менен милдеттенмелердин бир валютада болушун камсыздап, төлөмдөрдү алдын ала пландаштырууну жеңилдетет.
Мындай каржылоо өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн маанилүү. Анткени бул тармактагы ишканалардын көбү чет элдик валютада киреше алышпайт.
Изилдөөнүн маалыматына ылайык, 2016–2023-жылдары Кыргызстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын улуттук валютадагы каржылоосунун 75%га жакыны SME Local Currency Programme атайын программасынын алкагында колдоого алынган операцияларга туура келген.
Бул программа тобокелдиктерди азайтуучу механизмдер аркылуу чакан бизнеске жергиликтүү валютада кыйла ыңгайлуу шарттар менен каржылоо берүүгө багытталган.
Мындай каржылоонун мисалдарынын бири — Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы. 2025-жылы Эл аралык финансы корпорациясы анын облигацияларына 15 млн долларга эквиваленттүү каражатты сом менен инвестициялаган.
Каражат чакан бизнести каржылоого, турак жайга байланыштуу микрокредиттерди берүүгө жана экологиялык долбоорлорду колдоого багытталган.
Жалпысынан улуттук валютадагы каржылоонун негизги багыты болуп каржы сектору калууда. 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарымында бул тармакка аймактагы мындай инвестициялардын 2 млрд доллары же жалпы көлөмдүн 54%ы туура келген.
Мындай каржылоонун негизги булактары — Евразия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык финансы корпорациясы. 2025-жылы бул үч институт улуттук валютадагы операциялардын 85%ын түзгөн.
ЕӨБдүн маалыматына караганда, улуттук валютадагы каржылоонун мындан ары өсүшүнө ички облигациялык рынокторду өнүктүрүү, валюталык свопторду жана тобокелдиктерди хеджирлөөнүн башка инструменттерин кеңейтүү, ошондой эле улуттук валютада узак мөөнөттүү каржылоону активдүү тартуу өбөлгө түзүшү мүмкүн.
