Ноокаттын Көк-Бел айыл өкмөтүнө жаңы суу чачуучу техника тапшырылды
15 сентябрь

Ноокаттын Көк-Бел айыл өкмөтүнө жаңы суу чачуучу техника тапшырылды

Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагына жаңы заманбап суу чачуучу техникасы (водовоз) расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев катышып, техниканын ачкычын тапшырды.

Суу чачуучу унаанын жалпы баасы 2 миллион 450 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланды.

Аталган техника аймактын инфраструктураны жакшыртуу жана калкка ыңгайлуу шарт түзүү максатында колдонулат.