Таласта катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учурду
Талас шаарында бүгүн, 22-майда саат 18:10до катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шамал шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын учурган.
«Турак үйлөрдүн үстүнкү бөлүгүнүн темир жана башка конструкциялар менен жабылган чатырларын учуруп кеткен. Аны менен катарлаш көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган», – деп айтылат билдирүүдө.
Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери барып, тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
