Кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” пункту  иштеп баштады.
22 май

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” пункту иштеп баштады.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майынан тартып кыргыз-кытай чек арасында “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. 

Өткөрүү жеке жактар жана жеңил унаалар үчүн гана жеткиликтүү.

Өткөрүү пунктунун иштөөсүн жандандыруу кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетчү нерсе, “Бедель” автомобилдик өткөрүү пункту 2024-жылы сентябрда убактылуу инфраструктураны түзүү менен жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ачылган.

Кыш мезгили келгенде 2024-жылдын 1-октябрынан тарта кытай тарабы менен макулдашуу боюнча бул өткөрүү пункту аркылуу өтүү убактылуу токтотулган.

Учурдагы этапта, толук кандуу инфраструктураны куруу зарылчылыгына байланыштуу өткөрүү пункту жөнөкөйлөтүлгөн тартипте – жеке пайдалануу үчүн товарларды кошпогондо, жүктөрдү жана товарларды өткөрүүсүз иштейт.