Эмгек министринин орун басары: «Социалдык контракт миңдеген аялдардын жакырчылыктан чыгышына жана өз ишин баштоосуна жардам берүүдө»
22 май

Эмгек министринин орун басары: «Социалдык контракт миңдеген аялдардын жакырчылыктан чыгышына жана өз ишин баштоосуна жардам берүүдө»

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова 23-май күнү Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы сатира жана драма театрында Эне күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын  Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев кайрылып, бардык аялзатын жана майрамга катышкан энелерди Энелер күнү менен куттуктады. Ал аялдардын үй-бүлөдө жана коомдо ээлеген өзгөчө ордун белгилеп, энелерге алардын кайраттуулугу, камкордугу жана өлкөнүн келечегине кошкон салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ар бир аялга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана келечекке ишеним каалады.

Салтанаттуу иш-чарада Кыял Жанузакова да сөз сүйлөп, энелердин жана аялдардын коомдун өнүгүүсүндөгү өзгөчө маанисин белгиледи:

«Эне — бул жөн гана очоктун сактоочусу эмес. Ал — өмүрдүн, сүйүүнүн жана туруктуу келечектин булагы. Аялдарга жана энелерге кам көрүү — бул биздин артыкчылыктуу багытыбыз», — деди ал.

Ал өз сөзүндө 2022-жылдан бери Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ийгиликтүү ишке ашып жаткан "Социалдык контракт" программасында аялдардын ролу өзгөчө экенин баса белгиледи:

«Бүгүнкү күндө аялдар — өзгөрүүлөрдүн башкы катышуучулары. Социалдык контракттын аркасында колдоо алгандардын 94 % — айыл жергесиндеги аялдар. Чүй облусунда эле 2 миңге жакын аял өз ишин баштап, үй-бүлөсүн камсыздап, каржылык жактан көзкарандысыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», — деди Жанузакова.

Министрдин орун басарынын айтымында, Чүй облусунда эле программанын жыйынтыгында:

  • • 750 жаңы жумуш орундары түзүлдү;
  • • Аялдар айыл чарба, өндүрүш, тейлөө жана соода тармактарында өз бизнесин өнүктүрүүдө;
  • • 2025-жылдан баштап колдоонун көлөмү 150 миң сомго чейин көтөрүлүп, эң ийгиликтүү катышуучулар бизнести өнүктүрүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя алышат.

«Аялдарга жөн гана көңүл буруу эмес, мүмкүнчүлүк берүү керек. Мамлекет ошол мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат», — деп белгиледи Кыял Жанузакова. «Биз аялдарга ишенебиз. аялдардын күчүнө, кайраттуулугуна жана талантына ишенебиз. Кыргызстандагы ар бир эне эртеңки күнүнө ишеним менен карашын каалайбыз».

Сөзүнүн соңунда ал бардык энелерге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана жакындарынын колдоосун каалады:

«Сиздер — үй-бүлөнүн жана коомдун жүрөгү болосуздар. Үйлөрүңүздөр ар дайым жылуулук, сүйүү жана сый-урматка толуп турсун. Ар бир кадамыңыздарды ийгилик коштосун!»

Иш-чаранын алкагында атайын жарманке да уюштурулуп, ага социалдык контрактка кол койгон аялдар катышты. Чүй облусунун бардык катышуучулары программаны ишке ашырууда бутуна туруп, туруктуу киреше алып келе жаткан бизнес долбоорлорун көрсөтүштү. Жарманке социалдык контракт жакырчылыктан чыгуунун жана аялдардын ишкердик потенциалын ачуунун реалдуу куралына айланганын ачык көрсөттү.