Кыргызстанда 9 айда 10 өзгөчө кырдаал катталып, андан 16 адам каза болду
8 октябрь

Кыргызстанда 9 айда 10 өзгөчө кырдаал катталып, андан 16 адам каза болду

Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 9 айында 10 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 16 адам каза болду (жол кырсыгынан). Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тогуз айда аткарган иштеринин жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды. 

Келтирилген материалдык чыгым 45 млн 580 миң сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине өзгөчө кырдаалдардын саны 92,25%, ал эми материалдык чыгым 96%га азайган.

Жыйын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун төрагалыгы астында өттү.

"Ал эми кырсыктардын статистикасын карасак, өлкөдө жалпы 3286 кырсык катталган, былтыркыга салыштырмалуу 15% көп, каза болгондор 243тү түзүп, 3,2%га азайган. Мындан материалдык чыгым 1 млрд 551 млн 27 миң сомду түздү. Ошондой эле куткаруучулардын күжүрмөн аракеттери менен ар кандай кырдаалдардан 342 адам өмүрү сакталды. Бул өткөн жылга караганда 46,15%га көп”, - деди министрдин орун басары Акылбек Мазарипов.