Чүй облусунда «дропперлер» кармалды
2025-жылдын 30-октябрында Токмок ШИИБне 1965-жылы туулган жаран С. Р. белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз менен кайрылган, ал арызында, белгисиз адамдар өздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, Чүй ОИИБсынын тергөөчүсү жана Улуттук банктын өкүлдөрү катары тааныштырып, «акчаны алдамчылардан коргоо» деген шылтоо менен аны алдап, 4 783 000 сом өлчөмүндөгү акчасын ар кандай банктык эсептерге котортушкан. Андан кийин алдамчылар байланышка чыккан эмес.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-1-беренесинин (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жабырлануучунун акчасы 2000-жылы туулган А.Б. атту жаранга катталган эсептерге которулгандыгы аныкталган. Ал белгисиз адамдардан акча сыйлыгы үчүн өзүнө таандык банктык карталарды берип, интернет-банкингге жана мобилдик тиркемелерге толук мүмкүнчүлүк ачып берген.
Мунун натыйжасында ал мыйзамсыз алынган акчаларды накталайлоого жардам берүүчү ортомчу – «дроппер» катары аракеттенген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган С. Ж. жана 2006-жылы туулган Ж.Б. аттуу жарандарды аныктап, кармашкан.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык, алар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Шаардык соттун чечими менен аларга электрондук көзөмөл чарасы колдонулган.
Тергөө иштери улантылууда.
Чүй ОИИБсы жарандарды эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, SIM-карталарды, банктык карталарды жана башка электрондук төлөм каражаттарын үчүнчү жактарга берүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.
