Бишкекте автобус 9 жаштагы өспүрүмдү тебелеп кетти
видеодон алынган кадр
13 июль

Бишкекте автобус 9 жаштагы өспүрүмдү тебелеп кетти

Бишкекте автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты. 

Кырсык 13-июлда болжол менен саат 09:00дө болгон. 

Автобус айдоочусу Жаш гвардия бульвары менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бараткан 2017-жылкы баланы тебелеп кеткен. 

Өспүрүм алган жараатынан улам жеринде каза болду.