Сүлүктүдө балдарды колдоого багытталган реабилитациялык борбор ачылды
Сүлүктү шаарында 5-августта өзгөчө муктаждыгы бар балдарды колдоого багытталган «Этно Плюс» реабилитациялык борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Сүлүктү мэриясынан кабарлашты.
Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, ата-энелер жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аземди Сүлүктү шаарынын мэриясы менен Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтунун директору Шайыргүл Эржигитова ачып, борбордун ишмердүүлүгү, анын максаттары жана алдыдагы пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер борбордун ачылышына ыраазычылыктарын билдирип, бул долбоор алардын балдарынын өнүгүүсүнө чоң жардам болоруна ишеним артышарын айтышты.
Реабилитациялык борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен «Этно Плюс» коомдук бирикмеси, Сүлүктү шаарынын мэриясы жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институту тарабынан ишке ашырылып жаткан 6 айлык долбоордун алкагында ачылды.
Долбоордун негизги максаты – өзгөчө муктаждыгы бар балдардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ата-энелерге кесипкөй адистик жардам көрсөтүү болуп саналат.
Диагностикалык баалоонун жыйынтыгында долбоордун катышуучулары тандалып алынып, 2026-жылдын 15-июлунан тартып реабилитациялык программалар башталган.
Борбордо төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
логопед-дефектолог;
- ABA-терапия;
- логомассаж;
- сенсордук интеграция;
- мектепке даярдоо;
- коррекциялык педагогика;
- дарылоочу дене тарбиясы (ЛФК).
Борбордо тиешелүү жогорку билимге ээ жана атайын даярдыктан өткөн тажрыйбалуу адистер эмгектенет. Реабилитациялык кызматтарга 2 жаштан жогорку балдар кабыл алынат.
