"Каракол" тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда
15 январь

"Каракол" тоо лыжа базасына барчу жол тынымсыз тазаланууда

“Каракол” тоо лыжа базасына барчу жол үзгүлтүксүз тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №11 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан аткарылууда.

Эске салсак, “Каракол” тоо лыжа базасынын жолу 2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилген.

2024-жылы жалпы 7 чакырым жолдун 3,5 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Баса белгилеп кетчү жагдай, министрлик жети дубанда жайгашкан жаратылышы кооз жерлерге жете турчу жолдорду оңдоо жана кышкы кармоо иштерине өзгөчө көңүл буруп келет.