УКМК төрагасы алты балалуу энеге 3 бөлмөлүү батир тапшырды
15 январь

УКМК төрагасы алты балалуу энеге 3 бөлмөлүү батир тапшырды

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жардам сурап кайрылган Н.Нуржанованы кабыл алды.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, 2024-жылдын 23-декабрында КР жараны Нуржанова Нурзат Нуржановнадан жардам сурап кайрылуу келип түшкөн.

Аталган жаран өз кайрылуусунда 3 жаштан 13 жашка чейинки 6 баланын энеси экенин, турмуштук оор кырдаалга туш болгонун, жеке турак жайы жоктугун, балдарды тийиштүү түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жоктугун (жылуу кийим-кече жок), бутуна операция жасалып, андан кийин кыймыл-аракети кыйындаганын билдирген.


Маалымдама:

Н.Н.Нуржанова 1991-жылы 5-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөн. Туруктуу иштеген жери жок, мурда тигүүчү болуп иштеген, бирок жаракат алып, операция жасалгандан кийин иштөөсүнө кыйынчылыктар жаралган.

Жолдошу А.К.Мурзабеков 1990-жылы 13-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Үч-Малай айылында туулган. Мурда такси кызматында иштеген, учурда туруктуу киреше булагы жок, тамак-аш жеткирүү менен алектенет. Ошондой эле ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөрү бар болгондуктан оор физикалык жумуш менен алектене албайт.

Н.Нуржанова күйөөсү жана 6 баласы менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн айылындагы ижарага алынган үйдө жашайт.

УКМК төрагасы К.Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырып, каалоо-тилектерин айтты.

Н.Нуржанова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.